Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган маалыматка ылайык, бул муктаждыктар үчүн 1,5 миллион сом бөлүнөт.
Техникалык тапшырмада алып баруучулар керек болгон маданий иш-чаралардын тизмеси жазылган:
- Кыргыз Республикасынын Туу күнү (3-март);
- Нооруз (21-март);
- «Кызыл гвоздика» фестивалы (май);
- «Жаш таланттар — 2026» конкурсу (апрель);
- Бишкек шаарынын күнү (29-апрель);
- Жеңиш күнү (9-май);
- «Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер» долбоору (май-сентябрь);
- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү (31-август);
- Жаңы жылдык шырша күйгүзүү (декабрь);
- Жаңы жылды майрамдоо (31-декабрь) жана башка иш-чаралар.
Ошондой эле, жыл ичинде кошумча иш-чаралар пайда болушу мүмкүн экендиги белгиленет, ошондуктан тендерге катышуучулар мүмкүн болгон кошумча чыгымдарды эске алышы керек.
Жеткирүүчүлөрдөн арыздарды берүү мөөнөтү 11-мартта аяктайт.