
Бишкек мэри Айбек Джунушалиевдин көрсөтмөсү боюнча, жер пайдалануу боюнча башкаруу мыйзамсыз орнотулган силомерлерди демонтаж кылууга киришти. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы билдирет.
Ленин районундагы рейд учурунда мыйзам бузуулар менен орнотулган 17 силомер жок кылынды.




Мэриядан белгилегендей, шаардык аймакта кандайдыр бир объекттерди орнотуу милдеттүү түрдө уруксат алуу менен жүргүзүлүшү керек.
Бул аракеттер жер пайдаланууну тартипке келтирүүгө жана шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган. Мындай рейддер жана демонтаждар баш калаанын башка райондорунда да пландалууда.