


Жакында Бишкектин Ленин районунда өткөрүлгөн рейддин натыйжасында мыйзамсыз орнотулган 17 күч өлчөгүч алынды. Бул маалыматты Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Шаар мэринин тапшырмасы боюнча Жер пайдалануу боюнча көзөмөл башкармалыгы шаар аймагында жайгашкан объектилерди текшерүүнү баштады.
Муниципалитетте шаар жерине кандайдыр бир курулуштарды орнотуу үчүн тиешелүү уруксатты алуу зарылдыгы белгиленди.
Бул иш-чаралардын максаты — жерлерди пайдаланууну тартипке келтирүү жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу. Мындай рейддер жана демонтаждоо иштери Бишкектин башка райондорунда да улантылат.