
Албанияда эркин күрөш боюнча эл аралык рейтингдик турнир өтүүдө
Албаниядагы эл аралык рейтингдик турнирде Кыргызстандын спортчулары мыкты жыйынтык көрсөтүп, бир нече медалдарды утуп алышты, бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) маалымдады.
Эрназар Акматалиев 70 кг салмак категориясында чемпион аталып, америкалык Алека Вилльям Понталеого каршы минималдуу 3:2 эсебинде жеңишке жетти.
74 кг салмакта күмүш медаль Орозобек Токтомамбетке тийди, ал, тилекке каршы, финалда Ирандык Йонес Алиакбар Эмамиге утулуп калды.
70 кг салмак категориясында коло медаль Залкарбек Табалдиевге тийди.
Сүрөт www