
Учурда Кыргызстанда алимент төлөөдөн качып жаткан 1200 ата бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурордун орун басары Умуткан Конкубаева билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы алиментти өндүрүү боюнча 60 миң аткаруу листи катталган.
Депутат Ырысбек Атажанов бул сан өлкөдөгү ажырашкан үй-бүлөлөрдүн санына туура келерин белгиледи.
«Сандар чындап эле таасирдүү. Биз ушундай ажырашуу учурларын болтурбоо үчүн жаңы механизмдерди иштеп чыгышыбыз керек. Өз балдарын камсыз кылбаган ар бир эркек урматка татыктуу эмес, жана биз жаза чараларын күчөтүүгө милдеттүүбүз», - деди ал.