Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул этабына райондордо сыйлык алган 1 606 окуучу катышууда.
Олимпиада төмөнкү предметтерди камтыйт:
- математика, физика, химия, биология, география, тарых, информатика, англис тили;
- кыргыз тилинде окутуучу класстар үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты;
- орус тилинде окутуучу класстар үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.
Олимпиаданын финалдык этабы март айына пландалган.