Бул учууларды Өзбекстандын Centrum Air авиакомпаниясы жүргүзөт, ал эми биринчи учуу 1-апрелге пландалган.
Рейстер жумасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү Airbus A320 учактары менен жүргүзүлөт.Жолдо болуу убактысы 1 саат 10 мүнөттү түзөт, ал эми эки тарапка билеттин минималдуу баасы 10 850 сомду (тактап айтканда, 1,5 млн сум же $124) түзөт, жүк кирбегенде.
Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан жана башка жеткиликтүү сатуу каналдарынан сатып алууга болот.