
Интеллектуалдык мелдешке 145 мектеп окуучусу катышууда
27-февралда Бишкекте шаардык предметтик олимпиаданын башталышы болуп өттү, бул тууралуу муниципалдык башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Бул интеллектуалдык мелдешке борбордун мектептеринен 145 окуучу катышууда, алардын арасында райондук этаптардын жеңүүчүлөрү жана сыйлык ээлери бар.
Иш-чара №67 мектепте жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүүдө.
Олимпиаданын бул этаптын жыйынтыгы боюнча, сыйлык алган катышуучулар грамота жана баалуу белектер алат, ошондой эле Бишкекти республикалык деңгээлде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.