
Маршрут «Аламедин-1» микрорайонун «Киркомстр» менен байланыштырат
Бишкек мэриясы жаңы 62-автобустук маршруттун ишке киргизилгени тууралуу маалымдады.
Жалпы транспорт 3-марттан баштап «Аламедин-1» микрорайону менен «Киркомстр» токтому арасында каттай баштайт. Автобустар Алыкулов, Льва Толстой жана Ауэзов көчөлөрү аркылуу жүрөт.
Бул маршрут шаардагы транспорттук системаны оптимизациялоо программасынын алкагында түзүлгөн.
Сүрөт www