
Бишкек шаардык мэриясынын пресс-кызматынын сүрөтү. Керим Жээнбаев
Октябрь райондук администрациясынын орун басары болуп мурда Бишкек шаардык мэриясынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүндө улук инспектор болуп иштеген Керим Жээнбаев дайындалды.

Ленин райондук администрациясынын орун басары болуп мурда МТУ № 106нын начальниги болгон Нурсултан Бейшенбек уулу дайындалды.

Бекжан Ниязов Октябрь райондук администрациясынын аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Мурда ал Октябрь райондук акимиатында уюштуруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.