
Бул жылы Бишкекте 278 жаңы темир-бетон опорун орнотуу пландалууда, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 2026-жылы жаңы жабдуулар төмөнкү райондордо орнотулат:
- Чыгыш РЭС – 50 опор
- Батыш РЭС – 103 опор
- Түндүк РЭС – 125 опор
«Алмаштырылуучу жыгач опорлор 1960-1970-жылдары орнотулган жана мурда эле эксплуатация мөөнөтүн ашып кеткен. Алардын көпчүлүгү авариялык абалда», - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, 2025-жылы 671ден ашык темир-бетон опору орнотулгандыгы белгиленет.