

Тон районунда туристтик-экология милициясынын кызматкерлери мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоого каршы өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында рейддерди жана тинтүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө Тон жана Каджы-Сай айылдарында бир нече жеке үйлөр текшерилди. Операциянын натыйжасында жергиликтүү жашоочулардан төмөнкү куралдар жана ок-дарылар алынды:
- Каджы-Сай айылында жашаган 1980-жылы туулган О.И. аттуу жарандан 1 даана 16 калибрлүү гладкоствольное курал жана 5 даана патрон табылды;
- Тон айылында жашаган 1955-жылы туулган Ж.О. аттуу жарандан 1 даана нарезное огнестрельное курал жана 23 даана патрон алынды;
- Тон айылында жашаган 1956-жылы туулган Ж.Б. аттуу жарандан 1 даана гладкоствольное курал жана 23 даана патрон табылды.
Укук коргоо органдары жарандарга мыйзамдарды сактоонун жана мыйзамсыз аңчылык менен балык уулоонун болбошу керектигин эскертишет.