
Мэриянын басма сөз кызматынан алынган маалыматка ылайык, Первомай районунун орун басары болуп Марлен Айбеков дайындалды.
Бишкек мэриясынын сүрөтү. Марлен Айбеков
Ал мурда Кара-Балта шаарындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.
Данияр Манакеев Свердлов районунун жаңы орун басары болду. Ал буга чейин Бишкек мэриясынын уюштуруу-контроль иши башкармалыгында чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев тиешелүү буйруктарды кол койду.