
Переговорлордун натыйжасында Чэнду шаарында «Кыргыз Республикасынын Соода үйүн» жана «Кыргыз-Кытай соода-экономикалык кызматташтык борборун» түзүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бул жаңы жайлар Кыргызстандагы экологиялык таза продукцияны туруктуу презентациялоо жана сатуу, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин бизнес байланыштарын бекемдөө үчүн жардам берет.
Кыргызстандын экономика жана соода министрлигинин маалымат кызматынын сүрөтү. Чэндуда (Кытай) Кыргызстандын Соода үйү түзүлөт
Жолугушууда Торомаматов Кыргызстандын туристтик потенциалын да белгилеп, Чэнду менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамын ачуу өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жатканын айтты.
Кытай Кыргызстандын соода өнөктөштөрүнүн арасында маанилүү орунду ээлейт. 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшү күтүлүүдө, ал эми Сычуань провинциясында логистикалык борборлорду түзүү Кыргызстандан экспортту өнүктүрүүнүн приоритети болуп калат.