
Бишкекте 18-марттан баштап коомдук транспорттун ишин оптималдаштыруу боюнча автобустун № 195 маршрутуна убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэриянын пресс-кызматы маалымдады.
Жаңы маршрут Логвиненко көчөсү аркылуу өтүп, мурдагы Боконбаев көчөсү аркылуу болгон жолду алмаштырат.

Мэрия жүргүнчүлөрдү бул өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга, ошондой эле мүмкүнчүлүк болсо коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.