Караколдо Касымалы Жантошев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалдык-драмалык театрынын имараты толук бузулмакчы. Анын ордуна заманбап театралдык комплекс курулат. Бул тууралуу театрдын директору Таалайбек Тургунов «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда билдирди.

Ал театрдын конструкциясы ашара ыкмасы жана жыйноочу материалдар менен курулганын белгилеп, бул анын тез эскиришине алып келгенин айтты. «Биз маанилүү курулуштун босогосунда турабыз. Жакында эски имарат бузулуп, анын ордуна заманбап талаптарга жана архитектуралык стандарттарга жооп берген театр курулат», - деп кошумчалады ал.Проектте 1000 жана 350 орундуу эки көрүү залын, ошондой эле конференц-залдар жана облустук китепкана куруу каралган. Курулуштун 2028-жылы аякташы күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Тургунов театрдын автопаркынын жаңылануусунда мамлекеттик колдоонун активдүүлүгүн белгиледи. «Мурда бизде 7 жана 17 орундуу унаалар бар эле, азыр 15 орундуу микроавтобус алдык, бүгүн болсо бизге жеңил унаа тапшырылды. Бул биздин жамааттын ишин кыйла жакшыртат», - деди ал.
Эскерте кетсек, Бишкекте бүгүн Т. Усубалиев атындагы маданият министрлигине караштуу маданият мекемелерине 117 кызматтык унаанын тапшырылышы боюнча салтанаттуу иш-чара өттү.