
Айт намазы мечиттердин аймагында гана өтөт
Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет, ал күнү 10 миңден ашык милиция кызматкери өлкө боюнча жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Министрликтен билдиришкендей, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштешет, укук бузуулардын алдын алууга жана калктын коопсуздугун камсыздоого көңүл бурулат.
Майрамдык Айт намазы мечиттердин аймагында гана өткөрүлөрү белгиленди.
сүрөт www