Бул опция ижара процессин ыңгайлуу кылууга багытталган, жеке визиттерди жана кагаз документтерди даярдоону талап кылбайт.
Колдонуучулар бул функциянын жардамы менен:
- ижара келишимдерин көзөмөлдөп турууга;
- төлөм мөөнөттөрү тууралуу билдирүүлөрдү алууга;
- ижара төлөмдөрүн жүргүзүүгө жана транзакцияларынын тарыхын текшерүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Бардык операциялар онлайн жүргүзүлөт, бул процессин коопсуздугун жана ачыктыгын камсыз кылат.
Колдонуучулар жаңы функциянын оң жактарын белгилеп, анын ыңгайлуулугун жана ылдамдыгын баса белгилешти.
Бишкек шаарынын мэриясы өзүнүн тургундарын муниципалдык кызматтар менен ыңгайлуу жана убагында өз ара аракеттенүү үчүн цифрдык кызматтарды активдүү пайдаланууга чакырат.