
Оңдолгон иштердин алкагында 35/10 киловольт «Кара-Токой-2», 35/10 киловольт «Ак-Турпак» жана 35/6 киловольт «Ширеч» подстанциялары жаңыланды. Бул иш-чаралар маанилүү оңдоо иштерин камтыды.


Оңдоо процессинде трансформаторлор толук техникалык текшерүүдөн өттү, эски жабдуулар алмаштырылды. Электр энергиясын камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн релейдик коргоо жана автоматташтыруу системалары текшерилди, бардык зарыл иштер жүргүзүлдү. Бул чаралар тармактардын туруктуулугун жакшыртууга, авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга жана керектөөчүлөргө сапаттуу электр энергиясын камсыздоону кепилдөөгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат билдирүүдө.