

Кыргызстанда бүгүн Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө. Бул күнү бир катар чет өлкөлөрдүн башчылары президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине куттуктоо жөнөтүшүп, баарына бактылуулук жана бакубатчылык каалашты.
Куттуктаган адамдардын арасында Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин, Россиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Иран Ислам Республикасының президенти Масуд Пезешкиан, ошондой эле «Россия-ислам дүйнөсү» стратегиялык көрүү тобунун төрагасы жана Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов, Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд бар.
Мамлекет башчылары Жапаровдун ден соолук жана ийгиликтерин, Кыргызстан элинин бакубатчылыгын тилешти. ```