Баткенде ири инфраструктуралык объекттерди куруу иштери уланууда, деп билдирет президенттин өкүлчүлүгү. Ыйгарым укуктуу өкүл Мамыржан Рахимов, Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев менен биргеликте Баткен шаарындагы бир нече маанилүү объекттердеги курулуш иштерин текшерди.
Алгачкы объект заманбап стадион болуп, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган. Бул стадион региондогу спорттук маданиятты өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот жана жаштардын спорт менен машыгууга кызыгуусун арттырууга жардам берет деп күтүлүүдө.


