
Министрликтин маалымат борборунан билдиришкендей, Осмонов визит учурунда мурда оорухана болгон имараттын капиталдык ремонтунун жүрүшү менен таанышкан. Бардык иштер аяктагандан кийин бул жерде 100 орундуу төрөт үйү ачылат деп пландалууда.
Сүрөт МЗ КР
Облустук саламаттык сактоо координатору Алмаз Аскаровдун айтымында, капиталдык ремонттун каржылануы стабилизациялык фонддун эсебинен жүргүзүлүүдө. Иштер 2026-жылдын ноябрына чейин аякталат деп күтүлүүдө.