
Касымалиев майрамды жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча көрсөтмөлөр берди
Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында, өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына даярдык көрүүгө арналган жыйын өткөрдү. Бул жыйын тууралуу анын басма сөз кызматы маалымдады.
Касымалиевдин белгилөөсү боюнча, өлкөнүн ар кайсы бурчтарында негизги мамлекеттик майрамды белгилөө салты уланууда. Быйылкы жылы негизги иш-чаралар Талас облусунда өтөт.
Өкмөт башчысы Талада өтө турган майрамдардын өткөн жылдарга караганда кызыктуу жана жаркын болушу керектигине көңүл бурду.
Жыйында ачылууга пландалган жаңы объекттер тууралуу отчеттор жана майрамга арналган концерттик программа концепциясы сунушталды.
Талкуунун жыйынтыгында, Касымалиев иш-чараларды уюштурууда жогорку стандарттарды камсыз кылууну тапшырды жана тиешелүү мамлекеттик органдарга көрсөтмөлөр берди.
Басма сөз кызматынын сүрөтү