
Бардык отургузулган дарактар жергиликтүү питомникте өстүрүлгөн. Иш-чаранын алкагында 6 түрдөгү дарактар отургузулду, алардын арасында бөрү карагай, арония, каштан, багряник жана ясень бар. Ош шаарындагы жашылдандыруу ишканасынын директору А. Советбек уулу бул демилге шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга жана жашыл зона аянтын кеңейтүүгө чоң жардам берет деп белгиледи.