
Берилген маалыматка ылайык, облус башчысы Аманкан Кенжебаев Узген районундагы Мавлюда Бердигулова аттуу үй-бүлөнү зыярат кылып, 20-февралда төрөлгөн үч наристеге акчалай жардамды өз колу менен тапшырды.
Кызыктуу жагдай, кыздарга Айша, Айчырай жана Адинай аттары берилген.
Учурда эненин жана анын балдарынын абалы туруктуу жана жакшы деп бааланууда.