
Министрликтин маалымат кызматынын сүрөтү
Министрлик браконьерчиликке каршы активдүү күрөш улантылып жатканын белгилейт.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматунун аймактык бөлүмү рейддерди өткөрүп, 2026-жылдын башынан бери 6 миң метрден ашык эски синтетикалык торлорду алып чыкты. Бул торлор балык ресурстарына олуттуу зыянын тийгизип, көлдүн экосистемасына коркунуч туудурат.
Браконьердик торлорду мыйзамсыз пайдаланууну токтотуу боюнча иштер туруктуу негизде улантылат.