Маршруткадагы кармандыктар аялдын сумкасынан 600 миңден ашык акча уурдап кетишти.
Кыргызстандын борборунда ири уурулукка шектүүлөр кармалды. Бишкек ШИИБинин берген маалыматына ылайык, окуя 8-январда болгон. Бишкектин тургуну Ленин райондук ИИБине маршрутка №161 менен, Некрасов көчөсүндө Лев Толстой көчөсү менен кесилишкен жерде бара жатканда, сумкасы уурдалып кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Уурулар 595 миң сом, 400 доллар жана болжол менен 100 миң сомдук баалуу буюмдарды алып кетишкен.