
Кыргызстан альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов, жакында «Кабар» агенттигинин подкастында өлкөнүн экономикасынын акыркы беш жылда үч эсе өскөндүгү тууралуу маалыматтарды бөлүштү.
Анын пикири боюнча, мындай жетишкендик азыркы президенттин жеке жоопкерчилиги жана чечкиндүүлүгүнүн натыйжасы.
«Мен Кыргызстан жаңы доорго киргенин айта алам. Акыркы беш жылда экономика үч эсе өскөндүгүн «кар барысынын секрити» менен салыштырууга болот, ал биздин өлкөнүн символу болуп калды. Бул жетишкендик Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия үчүн», - деди Кубатов.
Ал ошондой эле мамлекеттик чыгымдардын структурасы маанилүү өзгөрүүлөргө учураганын белгиледи. «Мурда бюджеттик каражаттар айлык акы жана пенсияларды жабууга жетпей турган, азыр болсо алар биздин өлкөнү өнүктүрүүгө жумшалууда. Чет өлкөгө чыкканда Кыргызстан жөнүндө урматтап сүйлөшүшөт. Мурда биз башка мамлекеттерге кызганыч менен карап жүрсөк, азыр башкача. Мындан тышкары, акыркы беш жылдын эки жылы (2021–2022) саясий процесс, конституциялык реформалар жана чек ара маселелерин чечүүгө сарпталды. Фактически, экономикалык маселелер менен акыркы үч жыл гана алектенди, жана ушул кыска убакыт ичинде да натыйжалар таң калтырган», - деп кошумчалады ал.