Карылар үйүндөгү өрт. Ооруканада үч жабыркаган адам калды
Учурда Клиникалык тез жардам ооруканасында карылар үйүндөгү өрттөн жабыркаган үч адам дарыланууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат борбору билдиргендей, бейтаптардын абалы туруктуу. 8-январда ооруканадан чыгарылган 14 адамдын абалы канааттандырарлык. Эскерте кетсек, 6-январда карылар үйүндөгү паллиативдик бөлүмдө өрт чыгып, анын натыйжасында эки оорулуу адам каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, инциденттен кийин ооруканага 14 бейтап жеткирилген.