Минстрой Кара-Суй районундагы медициналык борбордун темир-бетон конструкцияларынын бекемдигин текшерди
Ош облусунда, Кара-Суй районунда, медициналык борбордун курулушунда колдонулган темир-бетон конструкцияларынын бекемдигин текшерүү жүргүзүлдү. Республикалык сертификаттоо борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгынын сынак лабораториясынын адистери, Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, хирургиялык корпус курулуп жаткан ОсОО МЦ «Саламат» медициналык борборунун объектиндеги монолиттик конструкцияларынын бекемдигин көзөмөлдөштү. Бул борбор Шарк айылында жайгашкан.