ГИК: Квартираларды өткөрүү автоматтык түрдө кезекти жылдырат деген пикир – жаңылыш
Кыргызстанда 50% ипотекалык батирлер үлүштүү курулуш аркылуу берилет Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (ГИК) сатуу башкармалыгынын начальниги Кылычбек Келдибеков, эксплуатацияга берилүүчү жаңы ипотекалык батирлердин жарымынан көбү үлүштүү курулуш механизми аркылуу берилерин билдирди. Ал, бир миң батирди берүү автоматтык түрдө бир миң кишинин кезегин тездетет деген пикирдин жаңылыш экенин баса белгиледи. «Өзүнүн турак жайы жок жарандар, батирдин 50% баасын төлөсө, кезексиз батир ала алышат.