Жогорку Кенештин комитети Жумгалбек Шабданбековду ГКНБнын жетекчилигине дайындоону жактырды
Бүгүн, 16-февралда, Жогорку Кенештин комитетинин жыйынында Жумгалбек Шабданбековду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгына дайындоо маселеси талкууланды. Шабданбековдун кандидатурасын Жогорку Кенеште президенттин жана министрлер кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев сунуштады.