Сероочистка жана электрофильтрлер Бишкектин ТЭЦинде чыгарууну азайтты, - мэр
Жогорку Кенештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер пайдалануусу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында 2-февралда депутаттар Бишкек ТЭЦинин абаны булгагандыгына кошкон салымын талкуулашты. Башкы шаар мэри Айбек Джунушалиев депутат Бакыт Тентишевдин суроосуна жооп берип, ТЭЦ булгагандык булагы болсо да, анын салымы унаа транспорту жана турак жай аймактары менен салыштырганда аз экенин белгиледи.