2029-жылдагы Кышкы Азия оюндары Алматыда өтөт, - «Синьхуа»

Марина Онегина Дүйнөдө
VK X OK WhatsApp Telegram
2029-жылдагы Кышкы Азия оюндары Алматыда өтөт, - «Синьхуа»

2022-жылдагы Кышкы Олимпиада оюндары
2029-жылдагы Кышкы Азия оюндары Алматыда өтөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Азия Олимпиада кеңеши билдиргенин «Синьхуа» агенттиги маалымдады.

Расмий документти кол коюу 5-февралга пландалууда, Миланда.

Мурда 2029-жылдагы кышкы Азия оюндары Сауд Аравиясында өтөт деп пландалган, бирок январь айында өлкөнүн Олимпиада жана Паралимпиада комитеттери OCA менен биргеликте турнирди белгисиз мөөнөткө жылдыруу тууралуу билдиришкен.

Казакстандан 2029-жылдагы Азия оюндары Алматыда өтөт деген расмий комментарийлер азырынча алынган жок.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: