Сыймыка Жапыкеевдин симптомы: эрдикпи же сарыктыкпы?
Жакында Сыймык Жапыкеевдин Эрнис Кыязовдун подкастында Чингиз Айтматовду «беш тиындык» жазуучу катары мүнөздөгөн билдирүүсү кыргыз социалдык тармактарында кызуу талкууларды жаратты. Ал айткан «көпчүлүк ойлогон, бирок айта албаган нерселерди» билдирүү боюнча пикирлер бөлүнүп кетти: кээ бирлери анын эрдигин баалашса, кээ бирлери айыпташты. Айтматовдун чыгармачылыгын сынга алуу мүмкүн, бирок маселе бул эмес. Суроо андан да тереңирээк жана адабиятты баалоо ыкмасы менен байланыштуу.