Таш-Кумырда 40 жылдан бери биринчи жолу шаар четиндеги бир айылга суткасына суусундук суу менен камсыз кылынды
Таш-Кумырда акыркы 40 жылда биринчи жолу айыл тургундарына ичүүчү сууга 24 сааттык жеткиликтүүлүк камсыздалды. Таза суу Бишкек–Ош трассасынын боюнда жайгашкан Кызыл-Алма муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу кичи айылга берилди. Бул жерде 40тан ашык үй-бүлө жашайт. Көп жылдар бою тургундар суу алуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууга мажбур болушкан — жайында ирригациялык сууну, кышында болсо айылдын четиндеги булактан суу ташышкан.