МФОнун жыйынды активдери 71,2 млрд сомду түзүп, 12,4 млрд сомго өстү
Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдын 30-сентябрына карата микрофинансылык уюмдардын абалы тууралуу маалыматты 2024-жылдын аягындагы маалыматтар менен салыштырып жарыялады. МФУнун жалпы активдеринин суммасы 71,2 миллиард сомду түзүп, 12,4 миллиард сомго көбөйдү, бул 21% өсүүнү билдирет.