Кыргызстанда 2026-жылдан тартып халал-продуктылар боюнча электрондук маалымат базасы түзүлөт, - Минэкономика
- 2026-жылдан баштап өлкөдө халал-продукция өндүрүүчү ишканалар тууралуу маалыматтарды чагылдырган электрондук маалымат базасын киргизүү башталат. Бул тууралуу 7-ноябрда радио эфиринде Экономика жана соода министрлигине караштуу «Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков билдирди. Кайырбеков жаңы система эт, сүт жана башка халал-продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн саны тууралуу так маалыматты камсыз кыларын белгиледи.