2025-жылы Кыргызстанда 5 нарколаборатория аныкталды
30-октябрда Ички иштер министрлигинин Наркотиктерге каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу бөлүмүнүн начальниги Каныбек Усенов түз эфирде 2025-жылы Кыргызстанда 5 нарколабораториянын аныкталганын билдирди. Усенов маалымдагандай, ушул жылдын биринчи тогуз айында 4 тонна 725 килограмм наркотиктер жана прекурсорлор алынды. Бул көлөмдүн ичинен 798 килограмм синтетикалык наркотиктерди түзөт.