Диэлла 83 бала күтүп жатат
Албаниянын премьер-министри Эди Рама ИИ-министр Диэлла «бала төрөйт» деп билдирди.
«Ошентип, Диэлла 83 бала күтүп жатат», — деп бөлүштү ал.
Премьердин айтымында, министрдин виртуалдык балдары депутаттарга жардамчы функцияларын аткарат. Алардын негизги милдети парламенттеги окуяларды каттоо жана мыйзам чыгаруу органдарына өткөрүп жиберилген талкуулар жөнүндө маалымат берүү.
Албания дүйнөдө министрлик кызматка жасалма интеллектти дайындаган биринчи өлкө болуп калганын белгилеп өтүү керек. Diella аттуу ИИ мамлекеттик сатып алуулар боюнча маселелерге жооп берет.

Сүрөт www
