
UFC сүрөтү. Мыктыбек Оролбай UFCде нокаут менен жеңишке жетти
Жеңишинен кийин Мыктыбек күйөрмандары менен эмоцияларын бөлүштү. «Мен Катарда биринчи жолу болуп жатам, бул жерде абдан кооз. Силерге чоң рахмат!» — деди ал көрүүчүлөрдүн кол чабуусунун арасында.
Мушкер ар бир жекпе-жеги чыныгы шоу болгонун белгиледи. «Бул болгону башталышы, иншалла, мен чемпион болом. Мен тоо адамымын, чыныгы мушкермин. Клетка жабылганда, мен аракет кыла баштайм... Энеме, атама, агаларыма жана командама ыраазычылык билдиргим келет», — деп кошумчалады ал.
Мыктыбек ошондой эле Кыргызстандын өкмөтүнө улуттук спортту колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Жакын арада ал жана анын машыктыруучулар курамы кайсы салмак категориясында — 70 же 72 килограммда чыгышын аныктайт.