
Өзбекстандын борборунда өткөн мелдештерге Кыргызстандык адистер активдүү катышты. Бул маалымат Кыргызстандын профессионалдык футбол лигасынан маалым болду.
Наталья Угрюмова оюндардын комиссарынын милдетин аткарды, ал эми судья Малика Кадырова жана судьянын жардамчысы Адинай Кылычбек бир нече беттештерди судьялык кылышты. Турнирдин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга эскерүү сыйлыктары тапшырылды.
Чемпионатта Кыргызстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн жаштар аялдар курама командалары катышты.