Садыр Жапаров биринчи «Мурас» турниры 2021-жылы кыргыз футболунун жүз жылдыгына арналганын, анда жалпысынан 6 команда катышканын, ал эми бул жолу алардын саны 16га жеткенин эске салды.

Турнирдин негизги максаты – активдүү жашоо образын популяризациялоо, спортко кызыгууну жогорулатуу, ошондой эле ар кандай мамлекеттик мекемелер ортосундагы байланыштарды жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө.
«Аймактар» командасы биринчи орунду ээлеп, 400 миң сомдук сыйлык алды.
Президент «Аймактар» командасын «Мурас» турнирына болгон биринчи жеңиши менен куттуктады.
Экинчи орун «Президенттин командасы» командасына тийиштүү болуп, 300 миң сом менен сыйланды.
Үчүнчү орунду «Ден соолук» командасы ээлеп, 200 миң сом алды.
«Ыйман» командасынан Эрик Молдокулов турнирынын мыкты оюнчусу деп табылса, «Ден соолук» командасынан Нурлан Турусбеков мыкты бомбардир, ал эми «Аймактар» командасынан Нурбек Алимов мыкты дарбазачы наамына ээ болду.