Манас аэропортунда спортчуларды Спорт мамлекеттик агенттигинин Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Эмиль Заярко, ошондой эле алардын кесиптештери жана жакындары тосуп алышты.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча кыргыз командасы 21 өлкөдөн 100гө жакын спортчу катышкан командалык эсепте экинчи орунду ээлеп алды.
Кыргызстандык спортчулар эки күмүш жана эки коло медаль утушту:
Күмүш медаль ээлери:
- Таласбек Муктаров (65 кг салмак категориясы) — «Пантера» атайын бөлүмүнөн;
- Олжобай Курбанбеков (80 кг) — Кыргызстандын Коргоо министрлигинин СКА командасы.
Коло медаль ээлери:
- Ислам Назармухамедов (65 кг) — Каракол шаарынан, Ысык-Көл облусу;
- Баястан Омурзаков (60 кг) — Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты.
Ошондой эле, 70 кг категориясында Аскер институтунун курсанты Медет Камчыбеков төртүнчү орунду ээлегенин белгилеп кетүү керек.
Командалык эсепте биринчи орунду Россиянын курама командасы, үчүнчү орунду Казакстандын командасы ээлегенин Спорт мамлекеттик агенттиги билдирген.