Казыбек Молдажиев өзүнүн тарбиялануучуларын дүйнөлүк деңгээлде ийгиликтүү чыгышы менен куттуктап, спортчуларга мамлекеттик колдоо улантыларына ишеним билдирди. Жолугушуунун алкагында ал чемпионаттын катышуучуларына Мамлекеттик агенттиктин ыраазычылык каттарын тапшырды.
30га жакын өлкөнүн спортчуларын чогулткан бул престиждүү турнирде Кыргызстан командасы көптөгөн сыйлык орундарын жеңип алып, мыкты натыйжаларды көрсөттү.
Кыргызстандыктардын жетишкендиктери:
Эркектер курамы:
- Нурдөөлөт Рысбеков — кумитэ боюнча дүйнө чемпиону болду (үчүнчү ирет подряд) жана ката боюнча 3-орунду ээледи (55 жаштан жогору, ардагерлер жана спорт чеберлери);
- Аманбол Талайбеков — кумитэ боюнча 1-орун (84 кг чейин);
- Сыймык Акунов — кумитэ боюнча 2-орун (75 кг чейин);
- Билал Рыскулов — кумитэ боюнча 2-орун (16–17 жаштагы жаштар, 61 кг чейин);
- Атайбек Абдижалил уулу — шобу нихон кумитэ боюнча 1-орун (75 кг чейин).
Аялдар командасы:
- Аруна Рысбекова — кумитэ боюнча 3-орун (14–15 жаш, 54 кгдан жогору);
- Айтунук Турсунбекова — кумитэ боюнча 1-орун (50 кг чейин);
- Эленора Кочкорова — кумитэ боюнча 2-орун (10–11 жаш, 40 кг чейин).