
Сыйлыктар беш спортчуга жана алардын машыктыруучусуна тапшырылды
2025-жылдын 17-сентябрынан 23-сентябрына чейин Хорватиянын Загреб шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык күрөшчүлөр өз жетишкендиктери үчүн унаа алышты. Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясынан билдиришти.
Унаалар Эрназар Акматалиевге, Бекзат Алмаз уулуна, Асан Жанышовго, Нурзат Нуртаевага жана Айпери Медет кызына тапшырылды. Ошондой эле эркин күрөш боюнча командасынын башкы машыктыруучусу Азат Мирахимов сыйланды.
Эскертүү керек, бул чемпионатта Нурзат Нуртаева алтын медаль жеңип алып, чемпион аталды, ал эми Бекзат Алмаз уулу жана Айпери Медет кызы күмүш медаль алышты. Эрназар Акматалиев жана Асан Жанышов коло медаль менен сыйланышты.
Сүрөт www