23 жашка чейинки спортчулар үчүн мелдеш 20-27-октябрь күндөрү Новом Садда өттү. Кыргызстанды турнире 23 балбан өкүлчүлүк кылып, эркин жана грек-рим күрөшүндө эркектер жана аялдар арасында катышты.
Кыргызстандык спортчулар 4 медаль утуп алышты: бир алтын, бир күмүш жана эки коло.
Күрөш федерациясы ошондой эле акчалай сыйлыктар алган тренерлердин жетишкендиктерин белгиледи.
Сыйлыктар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Нурзат Нуртаева (алтын) — 200 000 сом
 - Өмүрбек Асан уулу (күмүш) — 150 000 сом
 - Гульнура Таштанбекова (коло) — 100 000 сом
 - Билол Шарип уулу (коло) — 100 000 сом
 - Нурбек Изабеков (тренер) — 200 000 сом
 - Ильгиз Жакыпбеков (тренер) — 150 000 сом