
Оюндун жыйынтыгы 4:2 эсеп менен кыргызстандыктардын пайдасына болду.
Эскерте кетсек, мурдагы беттеште Кыргызстандын командасы Армения курама командасына 1:5 эсебинде жеңилип калган.
Ошондой эле 21-декабрга пландалган Грузия менен болгон оюн, кыргызстандыктардын турниринин башталышына жетпей калганы себептүү өтпөй калды. Мурдараак жолугушууну өткөрүү тууралуу маалымат берилгенине карабастан, акыры оюн ойнолбой калды, ал эми финалда Грузия жана Армения командалары беттешет.
Учурда биздин спортчулар 2026-жылдын январь-февраль айларында өтө турган Азия Кубугуна даярдык көрүүнү улантууда.