CAVA Cup-2025 мелдеши 19-25-декабрь күндөрү Мальдивдин борбору Мале шаарында өтүп, Кыргызстан, Афганистан, Бангладеш жана турниринин ээлери катышты.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча символикалык командага төмөнкү оюнчулар кирди:
- Асема Сеитбекова — мыкты либеро;
- Сайкал Амиракулова — мыкты блокировщик;
- Нуржамал Болотбекова — мыкты доигровщик.
Эскерте кетсек, финалда кыргызстандык команда Мальдив аралдарынын командасын 3:1 эсебинде жеңди.
Мындан тышкары, мурдагы оюндарда Кыргызстандык спортчулар Бангладеш жана Афганистан командаларынан ишенимдүү жеңишке жетишти, бирок турниринин ээлерине каршы бир оюнда жеңилип калышты. Жарым финалда биздин волейболчулар күчүн көрсөтүп, Афганистан командасын жеңишти.