Жеңүүчүлөрдүн арасында Вадим Баурин (72,5 кг) бар, ал алтынчы раундда Кацухиро Накатаны нокаутка учуратты. Ислам Торобаев (54 кг) Сея Мегуро менен бир добуштан судьялардын чечими менен жеңишке жетти. Ошондой эле Аскат Култаев (64,5 кг) Райан Ямамотодон, ал эми Адилет Качкынбеков (52,100 кг) Ёшики Минатодон жеңишке жетти.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте Saikou X Lush Boxing Promotions боюнча эки турнир өткөрүлгөн, анда Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн эң күчтүү боксчулары, WBA Asia, WBA жана IBF версиялары боюнча титулдук беттештердин катышуучулары чогулган.